Биз менен байланышыңыз

Аскаров Дубайда жашыл экономика саммитине катышты

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 509 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммитке катышты. Анда ал Кыргызстанда жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, 2018-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» аталышында концепция кабыл алынып, анда өлкөдөгү «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнүн келечеги жана анын зарылдыгы аныкталган.

Аскаров мындан тышкары, Шаржа шаарынын Соода-өнөр жай палатысына барып, сунушталган товарлардын жана продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты. Ошондой эле эркин экономикалык аймагына барып, Бизнести тейлөө борборунун ишмердиги менен да таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы кызматташуу жана бул тажрыйба алмашуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM