Биз менен байланышыңыз

Депутат эл үчүн иштегендер көп айлык аларына нааразы

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 578 | 0

Аэропорттордо, “Мегакомдо” айлык көп, “Бажыда” айлык жок болсо да коррупция бар. Ошондуктан бардык жерде маяналарды теңдештирүү зарыл.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жөнөкөй кызматкерлердин айлыгы 3 миңден 15 миңге чейин болсо, элге кызмат кыла турчу чиновниктердики 20 миңге чейин жетет. Буга элдин нааразылыгы пайда болууда.

Ошондуктан өкмөт маяналарды бөлүштүрүүдө тең бөлүштүрүүсү керектигин эл өкүлү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM