Биз менен байланышыңыз

Назаров: Азыктарды бажы төлөмүсүз алып өтүүнү жоюш керек

Чек аралардан 20 килограммга чейинки салмактагы азыктарды бажы төлөмүн төлөбөй алып өтүүнү жокко чыгаруу зарыл. Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап парламентте көтөрөрүн “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 20 килограммда бажы кызматкерлеринин да кызыкчылыгы, үлүшү бар.

«Чет мамлекеттен товар алып келгендер бажы төлөмүн төлөшү керек. Бирок жарандар 20 килограммга чейинки азыктарга бажы төлөмүн төлөшпөйт. Анын арты менен жүк алып өтүп отуруп 1 саатта бир фураны толтуруп коюшат. Бул жергиликтүү азык-түлүк өндүрүүчүлөргө терс таасир берип жатат», — дейт Назаров.

Эл өкүлү белгилегендей, сооданы тартип менен жүргүзүш керек. Болбосо аткезчилик жолу менен алынып кирген товарлар дыйкандарды кыйнап коюуда.

«Тартип менен соода кылбасак жер иштеткен дыйкан калбай калат. Буудайга болгон кошумча нарк салыкты дээрлик баары төлөп калды. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тегирмендер токтоо алдында турат. Жакында Казакстандын унун жеп калабыз», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM