Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: бош калган маданият үйлөрүнө элди толтурабыз

Билим-маданият | 25 Окт 2018 | 1058 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловду сунуштады. Ал учурда Туризм департаментинин жетектеп турат. Министрликте жасалышы керек болгон реформалар жана учурдагы абалы тууралуу маек курдук.

-Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сизди министрлик кызматка көрсөттү. Бул сунушту кандай кабыл алдыңыз?

Жаманкулов:-Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Өкмөт башчы биринчи сунуштаганда аябай таң калдым. Бирок анын сунушун кабыл алдым. Анткени акыркы 3 жылдан бери бул тармакта иштеп жатканым үчүн ички көйгөйлөрдү, потенциалды билем. Эмне иштерди аткаруу керектигин билип, алып кетүүгө көзүм жетип турат.

-Маданият, маалымат жана туризм министрилигин азыркы абалы кандай?

Жаманкулов: -Ал жакта көйгөй абдан көп. Азыркы учурда элдин маданияты, адамдын жан дүйнөсү “арыктап” турат. Театрларда, китепканаларда, музейлерде, маданият үйлөрүндө көйгөйлөр көп, ал жакка эч ким барбай калды. Ал имараттар бош эле туруп калды. Ошол себептүү элди кайра ушул борборлорго тартып, ал жерлерди чоң маданий үйлөргө, элдин жан дүйнөсү байый турган аймакка айлантуубуз керек. Ал үчүн мурдагы методикалардан, ыкмалардан алыстап, жаңыча иштеп, модернизация кылбасак, бул тармак өнүкпөй туруп калды.

Бул айтылгандарды кантип ишке ашырасыздар?

Жаманкулов: -Бизнес өнөктөштүк менен кыла турган жерлерди ошол чөйрө менен бирге ишке ашырып, бюджеттен каржылана турган жерлерге мамлекеттен каражат караштырып, жөнгө салабыз.

-Туризм жагына келсек, ал тармак кароосуз калып калбайбы?

Жаманкулов: -Биз Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болгонубуз үчүн Туризм департаменти да кол астыбызда болот. Ал тармакта болуп келген ишмердүүлүктү дагы улантам.

-Азыркы кызмат ордуңузга ким келиши мүмкүн? Сиз кимди сунуштайсыз?

Жаманкулов: -Азыр карап жатабыз. Өсүп келе жаткан мыкты кадрлар бар. Ошолордун бирөөсүн тандайбыз. Азырынча аттарын атай албайм.

Copyright © 2017 Maral FM