Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев ИИМдин ишине ыраазы

Коом | 24 Окт 2018 | 989 | 0

Акыркы 9 айда өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан 23 миңдей кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 20 миңден ашык кылмыш катталып, ал кылмыштын жалпы санынын 88,9 пайызын түзгөн. Бул кылмыштардын 15 миңден ашыгынын бети ачылган. Андан сырткары бир жарым миңдей кылмышкерлерден турган 613 ар кандай кылмыштуу топтор кармалган. Алар тарабынан чукул оор жана өзгөчө оор кылмыштар жасалган.

Кармалган кылмышкерлер тарабынан ондогон карактоолор, тоноолор, адам өлтүрүүлөр, ири суммадагы уурулуктар жасалгандыгы далилденди.

Ошону менен бирге  милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголуп, 66 кызматкер жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мекеменин отчёттук жыйынында билдирди.

Жунушалиев милициянын ишин канааттандырарлык деп баалап, бирок кемчиликтер да бар экенин белгиледи.

Милициянын жасаган иштерин канааттандырарлык деп баалайм. Ооба, кемчиликтер да жок эмес, бирок буларды жоюу үчүн тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө. Бир кызматкердин терс иш-аракеттеринен улам милициянын баарын каралоо туура эмес. Элдин ишенимин кайтаруу оор жана татаал болот. Бирок биз жарандарыбыз өздөрүн коопсуз сезиши үчүн колубуздан келген бардык аракетти көрөбүз.

Мындан тышкары, ички иштер органдарын оптимизациялоо менен Борбордук аппараттардан 625 бирдик кыскартылган. 100 кызматкер милициянын аймактык башкармалыктарына, 25 штаттык милиция жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекцияларга, 45и нөөмөт бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Ага катар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. Министрдин айтымында, 2020-жылдан тарта 40% жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, азыр парламентте талкууланып жатат.

Учурда милицияда жаңыдан иштей баштагандардын айлыгы 7-12 миң, ал эми офицерлердики 12-17 миң сомду түзөт.

Аталган министрликтин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Ялкун Даутов Коопсуздук кеңешинде президент ИИМге койгон тапшырмаларды кызматкерлери аткарууга аракет кылып жатканын айтты.

Анын айтымында, министрликте жумуштар болуп жатканы менен коомчулукта көп сын-пикирлер айтылууда.

-Аткени ички иштер министрлигинде коррупцияга аралашкан кызматкерлер чыгып жатат. Кызматкерлер өзүнүн жумушун так аткарбай, кадр маселеси да бар. Министрликтин иши жакшы болуусу үчүн комплекстүү түрдө жумуштар болушу керек. Тогуз айда аткарылган жумуштар боюнча отчётту коомдук кеңеш дагы уккан. Бул мекемеде жумуш болуп жатат, бирок жетишсиз. Кооопсуздук кеңешинде коюлган тапшырмаларды так аткарышса, жыйынтыктар болот.

Ал эми милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев мекеменин ишмердүүлүгүнө орто деген баасын берди. Ал министрликтин ишин жогорулатууга болорун айтты.

-Милициялардын баары эл менен иштеши керек. Аймактарда милициялардын бөлүмдөрүн көбөйтүп, көчөдө жүргөн милициянын саны жогорулатуу зарыл. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди азайтсын. Министрликтеги кадр бөлүмүндө 20-30 ашык киши жөн эле олтурат.  Бул бөлүмгө жакшы иштеген эки эле кызматкер жетишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев айтымында, милициялар колунда бар мүмкүнчүлүгү менен жумушун аткарып жатат.

— ИИМди мактабаймын. Бирок кызматкерлери күч структураларына караганда чуулгандуу иштерге чапчаңыраак иштемек. Мен күч структуралардын ишине ичим чыкпайт. Ички иштер министрлигинен бир топ жумуштарды алып коюшту. Бул министрликти кыскартып олтуруп жок кылып албасак эле болду. Оперативдик кызматкерлер даярдыгы жагынан мыкты, күчтүү.

Белгилей кетсек, укук коргоо органдары ушул жылдын тогуз айында уюшкан кылмыштуу топтордун 181 мүчөсүн кармаган. Кыргызстанда үч негизги кылмыштуу топ бар. Алардын лидерлери Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдер. ИИМдин маалыматына ылайык, Көлбаев учурда министрликтин көзөмөлүндө. Батукаев Орусия аймагында болсо, Бокушев уюмдан четтеп, жөнөкөй жашоо сүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM