Биз менен байланышыңыз

ТИМ Кытай элчилигине нота жиберди

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 792 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кытай элчилигине студенттерге виза берүүнү тездетүү боюнча нота жиберди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, студенттер Кытайдагы жогорку окуу жайларга өз алдынча тапшырып өткөнүнө карабастан, виза ала албай жатышат.  Алардын арасында окуусу 30-октябрда баштала тургандары да бар.

Мындан улам кыргыз тарап Кытай элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда келишим түзүлүп, Билим берүү жана илим министрлиги Тышкы иштер министрлигине Кытайга барчу студенттердин тизмесин жиберет. Анын негизинде Кытайдын элчилиги аларга “жашыл коридор” берет. Анын негизинде буга чейин 1 миң студент Кытайга кеткен.

Белгилей кетсек, 50 кыргызстандык студент Кытайга виза алба албай жаткандыгы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM