Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасында Карим Бензема өзгөчөлөндү

Кыска кабар , Спорт | 24 Окт 2018 | 761 | 0

Чемпиондор Лигасынын 14-сезонунда “Виктория” клубу менен беттеште “Реал Мадриддин” чабуулчусу Карим Бензема гол киргизди. Бул топ Чемпиондор Лигасында ойногондон берки 57-голу болуп, муну менен ал лиганын тарыхындагы эң көп гол киргизген 4-футболчу болуп калды.

Чемпиондор лигасынын тарыхында Бенземадан көп гол киргизген Роналду (120), Месси (105) жана Рауль(71) гана бар.

Франциялык футболчунун акыркы кездердеги удаа киргизген голдору футбол сүйүүчүлөрдүң көңүлүн өзгөчө бурдуруп, анын жөндөмү Криштиану Роналду “Реалдан” кеткенден кийин жакшы ачылганын белгилешүүдө. Жадагалса, ал португалияык жылдыздын көлөкөсүндө билинбей жүргөнүн да айтып жиберишти.

Кошумчалай кетсек, Карим Бензема испаниялык “Реал мадрид” клубунда 2009-жылдан бери 9 номери менен ойноп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM