Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Экс-президенттерди жөнөкөй жаран катары жоопко тартса болот

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2018 | 723 | 0

Мыйзам боюнча президент Баш прокурордун сунушу менен ал эми экс-президенттерди жөнөкөй жаран катары жоопко тартса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүн экс-президентти жоопко тартуу үчүн эч бир органдын уруксаты керек эмес. Эгер анын кылмыш иши аныкталса Башкы прокуратура тергөө жүргүзүп, жоопко тартса болот.

«Себеби экс-президенттерди жоопко тартпай коюу жөнүндө мыйзамдык база жок. Экинчиден, «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзам Баш мыйзамга каршы келет. Эгер жеңилдетчү жагдай болсо мыйзам артты карай иштейт. Тагыраагы, аталган мыйзамдын жаңы редакциясын жазып кабыл алсак ал артка иштебейт. Биз 2007-жылы кабыл алынган мыйзамды Баш мыйзамга дал келтирип жатабыз, жаңы норма киргизген жокпуз. Демек, биз кабыл алган мыйзам боюнча 2007-жылдан тарта кимде экс-президент деген статус болсо жоопко тартылат же бошойт», — дейт Зулушев.

Эске салсак, парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунушташкан.

Copyright © 2017 Maral FM