Биз менен байланышыңыз

Моуриньо «Реал Мадридге» кетеби?

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2018 | 873 | 0

“Манчестер Юнайтед” клубунун башкы машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуриньону испаниялык “Реал Мадрид” чакырууда. Мындай маалыматты бир катар спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Моуриньонун “Манчестерден” кетери тууралуу сөздөр ушул айдын башында айтылып жүргөн. Бирок машыктыруучунун өзү бул тууралуу: “Мен бул жерде бактылуумун. Азыр бир гана “Манчестер ЮТД” тууралуу гана ойлоп жатам. Бул клуб менен келишимим бүтсө деле бул жерде калууну кааламакмын”,-деп билдирди.

Аталган клуб менен Жозенин кызматтык келишими 2020-жылга чейин бекитилген. Бирок ар кандай кырдаалдарда чыга калып жаткан анын кетери тууралуу сөздөр Ла Лиганын лидери “Реалга” үмүт берген көрүнөт, отставкага кетип жаткан учурдагы машыктыруучусу Хулен Лопетегинин ордуна келүүсүн клубдун жетекчилиги сунуштап жаткан чагы.

Эске сала кетсек, португалиялык машыктыруучу 2010-2013-жылдары “Реалды” машыктырган. Ал аралыкта клуб Ла Лиганын чемпиону болуу менен, бир жолудан Супер Кубок менен УЕФА кубогун жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM