Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: 37 млн долларды кимдер уурдаганын 5 киши билет

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2018 | 912 | 1

«Русгидро» компаниясынын маселесин дароо чечпесе Кыргызстанга корукунуч бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Русгидрого» 37 млн долларды төлөп коюу оор. Ал каражатка 40 мектеп салынат.

«Бирөөнүн акмакчылыгы, чыккынчылыгы үчүн эми карызды төлөшүбүз керек. Орус компаниясы 37 млн доллардын баарын төлөтөт. Себеби ишкана каражатты банктан которгону анык, квитанцияларын көрсөтүүдө. Аткаруу бийлиги 37 млн долларды көзөмөлдөгөн эмес», — дейт эл өкүлү.

Шыкмаматов 37 млн долларды кимдер уурдаса ошолор жооп бериши керектигин, ал эми парламент ГЭС куруу боюнча саясий чечимди туура кабыл алып бергенин белгилейт.

«37 млн долларды директорлор кеңеши биргелешип иштеткен. Анын курамында кыргыз таратан 5, орус тараптан 5 киши болгон. Бул каражатты кимдер уурдаганын энергетиктер менен ошол 5 кишиден сураса айтып берет. Азыр фамилияларын унутуп жатам. Эсептөө палатасында документтер жатат. Ошол кездеги Башкы пррокурор Индира Жолдубаевага да бергенбиз. Бирок азыркыга чейин жооп жок. Прокуратура кимдер уурдаганын карасын», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү «Русгидро» компаниясынын маселеси кайрадан парламентте да караларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM