Биз менен байланышыңыз

Илмияновдун баш коргоо чарасы аныкталды

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 1476 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралып, ал 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

Соттук отурум жабык өтүп, ишти судья Айбек Эрнис уулу карады. Илмияновдун жактоочусу болуп Сергей Слесарев дайындалган.

Эске салсак, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмиянов Москвада кармалып, Бишкекке алып келинген.

КСДП партиясы Илмияновдун кармалуусун саясий шоу деп сыпаттоодо.

Copyright © 2017 Maral FM