Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Путин жолугушат

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 577 | 0

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушат. Бул тууралуу АКШ администрациясынан билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуу Париж жана Буэнос-Айресде болот.

Буга чейин сентябрь айында Трамп Путин менен кезигүүгө ниети бар экенин айткан эле. Бирок, Ак үй жолугушуунун мөөнөтү белгисиз экенин белгилеген.

Эске салсак, Трамп менен Путиндин акыркы жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM