Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү аэропорттордун баары жер кодексинин талаптарына туура келбейт

Коом | 19 Окт 2018 | 858 | 0

Өлкөдөгү аэропорттордун баары жер кодексинин талаптарына туура келбейт. Учактардын эскилиги да жеткендиктен акыркы бир жылдын ичинде эле 11 авариялык учур катталган. Бул тууралуу тегерек столдо айтылды. Жасалган анализдерге ылайык, авариялык абалдарга техникалык мүчүлүштүктөр менен катар аба майдандарында канаттуулардын көбөйүп, маторго кирип кеткен учурлары себеп болууда. 2011-жылдан 2018-жылга чейин 7 авариялык учур боюнча кылмыш иши козголуп, 2 иш боюнча жоопкерчиликте тартылган.

2011-жылдан 2018-жылга чейин авиация тармагында жалпысынан 7 кылмыш иши козголуп, бүгүнкү кундө эки иш боюнча жоопкерчиликке тиешелүү тараптар тартылган. Бул туурасында Транспорттук прокуратуранын төрагасы Рустам Кожобеков тегерек столдун журүшүндө билдирди. Анын айтымында акыркы эки жылдын ичинде аэропорттордун айланасында канаттуулар көбөйүп, майда авариялык абалдарга себеп болууда. Маселен 2018-жылы эле 11 авариялык учур катталса анын алтоосунда маторго канаттуу кирип кеткендиги аныкталган.

2018-жылы 11 учур катталган. Алардын ичинде компьютер иштебей калган, кыймылдаткыч бузулуп же канаттуу маторго кирип кеткенден пайда болгон. Биз анализ жасаганда аэропорттун айланасында жарандар эс алгандан кийин таштанды таштап, натыйжада канаттуулар көбөйгөн. Анан алар ошол майда аварияларга себеп болуп жатат. Мисалы 11 учурдун алтоо ошого байланыштуу.

Бир жылдын ичинде эле авиация тармагында болгон майда авариялык абалдардын көрсөткүчү, ага кошумча билеттерге болгон баалары коомчулукта көп нааразычылыкты жаратып келген. Айрымдар «учак менен жүргөндөн көрө, такси коопсууз» дешет. Буга карата Жарандык авиацияны өнүктүрүү жана жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо бөлүмүнүн жетекчиси Алымбай Абакиров: «Мынтип айтууга негиз жок»,- дейт. Анын айтымында учактардын эскилиги жеткен менен, жыл сайын сертификат алгандыктан, учууга жарактуу жана коопсуз.

Учактардын баары колдонулган. 20 жылдан бери иштеп жатат. Бирок биздин инспекторлор текшерип анан учууга уруксат берет. Учууга коопсуз деп айтсак болот. Бирок техника кээде өзү билгендей жасап коюп жатат. Бизден жакшы абалда учуп кеткени менен, баргандан кийин маселе чыгып жатат.

Деген менен өлкөдө канча аэропорт болсо алардын баары жер кодексин одоно бузуу менен курулган. Мамлекеттик экотехинспекциянын жер көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаеванын айтымында аэропорттор 1980-жылдары курулган. Алар бүгүнкү талапка жооп бербей жатат.

-Тилекке каршы азыркы күнгө чейин аэропорттор бүгүнкү мыйзамдарга туура келбейт. Мисалы Манас, Ош, Ысык-Көл, Баткен аэропорттору азыркы жер кодексин одоно бузуу менен жайгашкан. Ошондой эле абал башка кичи аэропортторго да тиешелүү. Бул жагдайлар “Ачык асманга” өтүүнүн алкагында түзүлгөн атайын комиссиянын анализинде тастыкталган.

Авиация тармагындагы дагы бир көйгөй ички каттамдарга болгон билеттердин баасы. Жарандар буга чейин Ош-Бишкек каттамындагы баалар жогору экенин көп эле айтып чыгышкан. Бирок жарандык авиция агенттигинен билдиришкендей баалар базар экономикасына туура келет. Акыркы күнү алган күндө да 4000 сомдон ашпайт. Бирок эл өкүлү Исхак Пирматов баалар 20 доллардан ашпаса деген оюн айтат. Ал үчүн авиа компаниялар арасында атаандаштык керек. Бүгүнкү күндө 3 эле компания иштегендиктен баалардын төмөндөшү күмөн.

Мен 1000 сом болушу керек деген ойдомун. 20 доллардан ашпаш керек. Бизде бирок андай качан болот, 3 эмес 33 компания болгондо. Ошон үчүн атаңдашуу болсун деп жатабыз.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 22 авиакомпания катталганы менен бүгүнкү кундө үчөө гана ишин алып барат. Алар «Авиа Траффик Компани», «Tez Jet» жана «Эйр Манас».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM