Биз менен байланышыңыз

Инженер Акинфеев, дизайнер Аршавин. Өзгөчө билимдүү футболчулар

Кыска кабар , Спорт | 19 Окт 2018 | 832 | 0

“Чемпионат” сайты орус футболундагы атактуу оюнчулардын билими тууралуу кызыктуу маалыматты жарыялады.

Анда улуттук кураманын дарбазачысы Акинфеев, легендарлуу Аршавин, Евгений Башкиров сыяктуу футболчулардын жогорку билимдерин ачыкка чыгарган.

Мисалы, Игорь Акинфеев Москва мамлекеттик университетинин Нефть жана газ инженериясы факультетинин “менежмент” бөлүмү боюнча магистратурага тапшырган. Ал буга чейин Спорт жана дене тарбия академиясында окуп, “Дарбазачынын беттеш учурундагы тактикалык-техникалык аракеттери” деген темада дипломдук иш жазган.

Ал эми орус футболунун адаттан тыш дараметтүү оюнчусу болгон Андрей Аршавин Петербургдагы Технология жана дизайн университетин бүтүргөн. Алган билими “кийим тигүүнүн инженериясы” боюнча.

Окуу жайдын өкүлдөрүнүн айтымында, Андрей лекцияларга активдүү катышып, цехтерде тигүү машинасында кадимкидей отуруп, практикадан өткөн. Анын бутүрүү дипломунун темасы “Активдүү эс алууда кийилүүчү спорттук кийимдин долбоору” деп аталат.

“Крыля советовдун” жарым коргоочусу Алексей Бошкиров болсо футболчу болбогондо журналист болмок. Ал “Спорттук материалдарды жасоочу ЖМКнын электрондук версиясын түзүү” боюнча адис.

Мындан сырткары Андрей Егорычев куруучу, Далер Кузяев экономист жана Георгий Тигиев программист болмок экен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM