Биз менен байланышыңыз

Бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик күнү

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 609 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Жээнбеков кайрылуусунда жардамга жана колдоого муктаж адамдарга  камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана  боорукерликти талап кыларын, жылуу мамиле, кайрымдуу эмгек  — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, майыптардын жана кары-картаңдардын демине  дем кошуп, келечекке ишенимин арттырып турарын айтты.

Бул күн Социалдык фонддун 25 жылдык мааракесине туш келди. Чейрек кылым калыптанган Социалдык фонд элдин  турмушун жакшыртууга салымын кошуп, коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууда милдетин татыктуу өтөөгө тийиш экендигин президент кошумчалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM