Биз менен байланышыңыз

Нурсулу Ахметова кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 962 | 0

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ахметованын кызматтан бошотулушу анын башка кызматка дайындалышына байланыштуу.

Белгилей кетсек, Нурсулу Ахметова 2018-жылдын февраль айында стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM