Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жардыруу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 494 | 0

20-октябрда поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жардыруу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан саат 11:00дөн тартып, 15-00гө чейин жол толугу менен жабылат.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM