Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Крутько Орусинын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун Айдарбековдун дарегине айтылган каалоо-тилектерин айтып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, анын ичинде күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги визиттер жана иш-чаралар тууралуу сөз болду.