Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: мектептерге дин сабактарын киргизүү керек

Коом | 18 Окт 2018 | 893 | 0

Кыргызстанда мыйзамга туура келбеген 21 диний уюмга тыюу салынган.  Ысык-Көл облусу боюнча учурда 200дөн ашуун адам милициянын каттосунда турат. 

Ысык-Көлдө диний экстремизм терроризмге каршы күрөшүү башкы маселе болууда. Анткени үстүбүздөгү жылдын 9 айында мыйзамда тыюу салып көрсөтүлгөн адабияттарды колдонуу жана сактоо боюнча 41 факты аныкталган. Бул боюнча ОИИБдин экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшү кызматынын башчысы Арсен Самаев кабарлады.

-Мыйзамсыз диний экстремисттик адабияттарды сактоо боюнча 41 факт катталды. Бул боюнча идеологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле экстремисттик агымдарга кирип кеткен жарандар да бар. Алардын ичинен 135 жарандын балдары болсо, 109у мектеп жашындагылар. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөргө профилактикалык иштер мектептерде уюшулуп жатат.

Ошондой болсо дагы каттого алынган адамдардын балдары учурда толук кандуу мектептен билим алышат. Маалыматка ылайык, мурда 5 үй бүлөдөн 12 бала сабакка барбай келсе, бул учурга чейинки катуу эскертүүдөн улам, алардын ата-энелери  балдардын окууга жибере баштады. Андыктан мындай фактылар кайрадан кайталанбашы үчүн дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анда билим берүү тармагынын жалпы жамаатына диний ишеним жана тыю салынган агымдардын айырмасы айтылып жатканын Каракол шаарынын имам хатиби Талантбек Сабриков.

-Хизб-Ут-Тахрир дегенде түшүндүрм берсек: Хизб –деген сөз араб тилинен партия дегенди билдирет. Тахрир-деген сөз боштондук партиясы деп чечмеленет. Мына ушуну Негиздеген адам Палестина мамлекетинен чыккан. Ошол жакта жөөттөр менен күрөшүү максатында ушундай саясий партия алып чыккан. Алардын максаты адамдарга динди жеткизүү эмес, алардын максаты биздин мамлекеттик түзүмдү жок кылып, өздөрү келүү. Мындайча айтканда бүткүл дүйнөгө халифатты түзүү.

Ал эми мындай профелактикалык иштерди өткөрүү жетишерлик деӊгээлде болбогон соӊ, эми мектеп жашындагылар үчүн дин боюнча сааттарды киргизүү жагы каралууда. Азыркы тапта программалар түзүлүп, окутуунун алгачкы сыноолору өтүп жаткандыгын облустук билим берүү инстутунун кызматкери Айнура Аттокурова билдирди.

-Дин тууралуу тарых сабагында окутулгандыктан тарыхчы мугалимдерге 9-класстар үчүн 1 саат киргизилгени турат. Республиканын бардык аймактарында 2 жылдан бери толуктодон өтүп жатат. Анын катарында Каракол шаарынын 2 гимназия мектеби менен Жаӊы-Арык айылынын мектеби да карап жатат.  Окуучулар үчүн окуу китеби талкуудан өткөрүлсө, келерки жылы 1 сабак кошулат.

Диний сабактар билим берүү тармагында акыркы эки жылдан бери колдоо таап жаткандыгы келечек үчүн чоӊ жетишкендик болорун ОИИБ башчысы Октябрь Урманбетов маалымдады. Себеби,динге болгон ишеним туура нукка багыт алып, өзгөчө окуучулар тыюу салынган экстремисттик уюмдарды айырмалап,  кылмыштуулуктун да саны азаймак,- деди ал.

Жаӊы көз караш менен жаӊы иштерди жүргүзүп, менимче, көп жерлерде балдардын аӊ-сезимдерин ачыш керек. Мисалы, өсүп келе жаткан баланын апасы, атасы же тууганы соттолгон. Такыр болбогондо, укук коргоо органдарынын атайын каттоосуна алынып калгандар болсо, биз аны алалбайбыз. Анын себеби бир тууганы мал уурдап, же ата-энеси мамлекеттик идеологиясына каршы иштерге барса, анда балдардын келечеги жок деп түшүнүүбүз керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM