Биз менен байланышыңыз

Тергөө учурунда айыпталуучунун укугун коргогон судьялар пайда болот

Күн чабыт | 18 Окт 2018 | 1240 | 0

Кыргызстанда судьялардын саны жетишпейт. Бул тууралуу парламент жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, Ош, Бишкек шаарлары жана Чүй облустарында судьялар 20 ишти кароонун ордуна 80ге жакын ишти кароого мажбур болушууда. Мындан тышкары, судьялардын айлык акысын көтөрүү маселеси козголуп, иш убактысынан тышкары иштеген судьяларга кошумча акы төлөө керектиги айтылды.

2019-жылдын 1-январынан тарта жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекс ишке киришет. Ошондон улам, «тергөө судьясы» институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда. Бул теманын алкагында Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дастанбай Айжигитов менен «Күн чабыт» программасында маек курдук.

Марал: Кыргызстанда «Тергөө судьясы» институту киргени жатат. Анын канчалык муктаждыгы бар жана бул институт эмне иш аткарат?

Дастанбай Айжигитов: Тергөө судьясы бул – мурунку прокурорлордун функциясын аткара турган судья болот. Себеби тергөөчү ишти карап жаткан убакытта айыпталуучунун укугу корголушу керек. Эгерде тергөөчүнүн кыймыл-аракетине, чечимине нааразы болгон адамдар соттук тергөөгө укугу бузулганы тууралуу арыздана алат.

Бул институттун түзүлүшүнө муктаждык бар. Дүйнө жүзүндө практикада көптөн бери иштеп, жакшы натыйжаларды көрсөтүп келген мекеме.

Марал: Бул институттун түзүлүшү үчүн өзүнчө штат керек болобу? Же азыркы эле тергөөчүлөр алынабы? Каражат маселеси, кадр потенциалы кандай чечилет?

Дастанбай Айжигитов: Мындай институтту түзгөндө азыркы бар болгон судьялардын иши көбөйөт. Ансыз да бир судья өзүнө берилген милдеттен ашыкча иш аткарууда. Ошондуктан жаңы институттун функциясы башка болгондуктан дагы 56 штат керек деп айтылды. Алар эч качан ишти карабай, тергөө убагында гана тергөөчүнүн чечимине арызданган жактын маселесин чечүү, баш коргоо чарасын чече турган судья болот.

Марал: Судьялардын саны аз деп айтылып жатканы менен дагы жаңы институт түзүлө турганы атайын анализ жасалып, жумушчу топтун изилдөөсүнөн кийин гана кабыл алынган чечимби же эки-үч кишинин гана чечимиби?

Дастанбай Айжигитов: Бул маселе бир топ жумушчу топ түзүлүп, көп жылдан бери изилденген. Анын жакшы жактары болгон үчүн ушундай чечим кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM