Биз менен байланышыңыз

Президенттин ар-намысы анын макулдугу менен гана корголот

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 772 | 0

Башкы прокурор президенттин ар намысын эми анын уруксаты менен гана коргойт. Тийиштүү чечимди Конституциялык палата кабыл алды.

17-октябрь күнү “КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу” мыйзамдын конституцияга туура келип-келбей турганын текшерүү боюнча эки коомдук уюмдун кайрылуусу каралган. Анда аталган мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылды. Өкмөткө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш берилди.

Мындан улам баш прокурор президенттин ар намысын коргоо үчүн сотко өлкө башчынын уруксаты менен гана кайрыла алат. Эгер доодо моралдык зыян үчүн компенсация каралса, каражаттын суммасы да президент тарабынан аныкталышы керек.

Эске сласак, былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо үчүн мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева «Заноза» сайтынын журналисттерине, укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы сотко кайрылган. Бирок кийин Алмазбек Атамбаев материалдык доодон баш тартканын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM