Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 9 айда 98 миң бала төрөлгөн

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 787 | 0

Кыргызстанда төрөлгөндөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 98 миң бала төрөлгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 37 миңге көп.

Ал эми «балага сүйүнчү» жөлөк пулу бериле баштагандан бери 55 миң билдирүү түшкөн.

Муну менен катар, бала асырап алуу учурлары да көбөйдү. Алсак, быйыл 754 бала асырап алынган, бул былтыркыга салыштырмалуу 125ке көп.

Ал эми никеге катталуунун саны 30 миңге жетти. Бирок ошол эле учурда ажырашуулардын көрсөткүчү быйыл 7,5 миңге жетти, былтыр 5 миң үй-бүлө болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM