Биз менен байланышыңыз

Дауталиева: Айтиев элдин убалына калбай кызматтан кетиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2018 | 582 | 0

АРИСтин долбоорлору уланары же токтоп калары 18-октябарда өтчү тендерден соң белгилүү болот. Мындай пикирин укук коргоочу Анара Дауталиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр коррупциялык схема болуп 94 млн доллар ойноп жатат. Эртең, 18-октябрында 717 миң долларлык долбоорго тендер өтөт.

«Дүйнөлүк банктын каражаты биздин эсепте эмес. Эгер аталган банк каржылоодон баш тартса Ислам өнүктүрүү банкы да каржылоосун токтотот. АРИСТин директорунун айынан көп киши суу ичпей калат. Ошондуктан Айтиев элдин убалына калбай арыз жазып кетип калышы зарыл», — дейт Дауталиева.

Укук коргоочунун пикиринде, АРИСке аталган мекеменин мурдагы жетекчиси Эльмира Ибраимова келсе абалды оңдоп кетет. Болбосо бир кишинин айынан элди таза суу менен камсыздоо токтоп калышы мүмкүн.

«Менин долбоорлорго такыр тиешем жок. Болгону АРИСтин ишине көзөмөл гана кылам. Долбоорду ишке ашырбайм. Элдин таза суу ичүүсүнө салымым бар. Ал эми Айтиев боюнча айткандарым калп болсо кечирим суроого даярмын. Бирок мен фактылардын негизинде гана сүйлөйм», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM