Биз менен байланышыңыз

Уланбек Эгизбаев «Улут абийири» наамынын лауреаты болду

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 590 | 0

«Улут абийири» наамына татыктуу лауреат катары маркум журналист Уланбек Эгизбаев тандалды. Бул тууралуу «РухЭш» сайтынын интеллектуалдар альянсы негиздеген «Чеч-Дөбө» кеңешинин жыйынында маалым болду.

Белгилей кетсек, «Улут абийири» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып болчу. Ошондой эле Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылып, эки лауреатка тең 100 миң сомдон тапшырылган.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу аземи ушул жылдын 18-октябрында тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM