Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнүнөн жерлер мыйзамсыз сатылган

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 631 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы шаардагы түштүк-батыш көрүстөнүнөн жерлер мыйзамсыз сатылганы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолго тийиштүү жер учасктокторун жарандарга берип коюшкан.

Текшерүү учурунда бул жерлерде сөөк көмүлбөгөнү аныкталды.

Буга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” (304), “алдамчылык” (166) жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» (171) беренелери боюнча иш ачылды.

Тергөө жүргүзүү үчүн материалдар тийиштүү органдарга жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM