Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын коляскалар берилет

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 882 | 1

Бишкекте 17-октябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго атайын коляскалар берилет.

Кызматташтык жана өнүгүү боюнча түрк башкармалыгы жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун кызматташтыгы менен кайрымдуулук акциясы башталган. Анын алкагында Кыргызстандын бардык облустарындагы майыптуулугу бар 100 адамга коляскалар таратылат.

Мындан тышкары церебралдык шал оорусунан, булчуң атрофиясынан жана башка неврологиялык оорулардан жабыркаган балдарга кызмат көрсөтүү үчүн 35 бала жана өспүрүмдөр үчүн коляска берилет.

Аталган акция эки уюм тарабынан демилгеленген “Тоскоолдуксуз жашоо!” кампаниясынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал кампанияда майыптуулугу бар аялдар үчүн тигүү курстары, кары адамдарды компьютерде иштөөгө үйрөтүү бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын коляскалар берилет — Доступ к правосудию

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM