Биз менен байланышыңыз

«Мекен чеги-2018» биргелешкен атайын чек ара операциясы жыйынтыкталды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 721 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы «Мекен чеги-2018» биргелешкен атайын чек ара операциясынын жыйынтыгын чыгарды. Ал үстүбүздөгү жылдын 7 сентябрдан 28-сентябрга чейин үч этапта Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аймагында өткөрүлдү.

Буга кыргыз тараптан 1771 аскер кызматкери менен бирге укук коргоо органдарынан, бажы кызматынан катышты. Ошону менен бирге операцияга 882 транспорт каражаттары тартылды.

Ал эми Тажикстанда 3800 аскер, Казакстандан 2500, Орусиядан 18524 аскер кызматкери катышты.

Чек ара операциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында курал-жарак жана атайын каражаттар  колдонулган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM