Биз менен байланышыңыз

Бишкек жылуулук электр борборуна 210 миң тонна көмүр жеткирилди

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 877 | 0

Бишкек жылуулук электр борборуна 210 миң тонна көмүр келип түштү. Кара алтын 10 күндүк запас менен эртерээк келип жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдиди.

Маалым болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык 2018-2019-жылы өлкө үчүн 2 млн 300 миң тонна көмүр даярдалышы керек. Анын 1 млн тоннасы Бишкек жылуулук электр борборуна жеткирилет.

Анын 600 миң тоннасы жергиликтүү кара алтын болсо, калган 400 миң тоннасы Казакстандан келет. Жылуулук борбор үчүн Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна, ал эми Кабак көмүр бассейнинен 550 миң тонна көмүр келиши керек. Жылуулук борбор модернизациядан өткөнгө чейин 50 миң тонна гана жергиликтүү көмүр иштетип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM