Биз менен байланышыңыз

Жыргалаң көмүр кенин мамлекеттин балансына алуу каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2018 | 790 | 0

Жыргалаң көмүр кенин мамлекеттин балансына алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Куттубаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдиди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө көмүргө талап күч. Андыктан учурда Жыргалаң көмүр кенин иштетүү жолдору каралууда. “Кыргызкөмүр” ишканасы аталган кенди инвестор менен чогуу иштетүүгө даяр. Себеби жалгыз иштетүү кыйынга турат.

«Жыргалаң көмүрдү казып алып иштеткен ишкана эле. Ал банкротко учурап бугүнкү күндө ишин токтотуп турат. Ал эми Сүлүктү көмүр кесиминде 30га жакын жеке ишкана иштейт. Алар көмүрдү шахталык метод менен казып алышат», — дейт Куттубаев.

Куттубаев кошумчалагандай, Кара-Кече көмүр кенинде кара алтындын 1 тоннасы 1250-1300 сомду түзөт. Ал эми Бишкекте 3500-4000 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM