Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги бала бакчаларга электрондук кезек менен 5 миң бала кабыл алынды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 469 | 0

Бишкектеги бала бакчаларга электрондук кезекке тургандардын саны 11 миң 753 бала болсо, анын ичинен 5 миң 267 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жыйында билдирди.

Анын айтымында, калаадагы 4 райондо 85 бала бакча бар. Анын ичинде Ленин районунда 18, Октябрь районунда 34, Свердлов районунда 17, Биринчи май районунда 16.

Ал эми 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын саны 88 миң 749ду түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 22 миң 67 бала барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM