Биз менен байланышыңыз

Кар көчкүдөн сактануу долбооруна Япония 37 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1082 | 0

Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Япониянын «Dai Nippon Construction» компаниясынын ортосунда, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул долбоор Япониянын грантынын эсебинен ишке ашырылмакчы. 2017-жылдын март айынын соӊунда, 4,2 млрд йен (37, 499 млн доллар) өлчөмүндөгү Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоорунун гранттык келишими жана алмашуучу ноталарына кол коюлган.

2018-жылдын 9-октябрында, Транспорт жана жолдор министрлигинин катышуусу менен, Токио шаарында долбоордун башкы жалдамачысын тандоо процедурасы өткөрүлүп, аны «Dai Nippon Construction» компаниясы утуп алган.

Долбоордун алкагында, Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуу жана алардын эки тарабына кирме жолдордун курулуусу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM