Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев акталды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 996 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиевди актаган чечим чыгарды. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда кабыл алынды.

Бүгүнкү соттук отурумда Осмоналиевге коюлган бардык айыптар боюнча далил табылбаганы маалым болуп, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты жокко чыгарылды.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Осмоналиевди 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну суранган.

Осмоналиев 2014-жылы Кыргыз-орус Славян университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынганы боюнча айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM