Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Парламент бир топ баш аламандыкка жол берип койду

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 627 | 0

«Тилекке каршы, кайсы бир партиялык кызыкчылык үчүн шайлоодо көп добуш алгандарга орун беребиз деп Жогорку Кеңеш бир топ баш аламандыкка жол берип койду.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадрларды тандоодо жоопкерчилик чоң. Кыргызстан кландык башкаруудан арылып, партиялык башкарууга өтүп алган.

«27 жылдан бери жерден «таяк жеп» жатабыз. Кыргыз, орус, англис тилдерин жакшы билген жана компьютерди жакшы өздөштүргөн кадрларды кызматка коюш керек эле. Өзгөчө өткөөл мезгилде президенттерди аялы башкарды десек, өлкөнү акыркы 5 жылда таптакыр билими жок адамдар башкарды», — дейт эл өкүлү.

Ал Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова боюнча «Бир Бол» фракциясынын да катачылыгы бар экенин белгиледи.

«Лунара Мамытова боюнча министрликте чыкканда өкмөт башчыга жеке өзүм кайрылгам. Лунара пенсия, жөлөк пулдарды берүүдө даректүүлүктүү арттыруу боюнча кызматка барды эле, тилекке каршы болбой калды. Бул министрликке да, партияга да сабак болду», — дейт Жапаров.

Эске салсак, Лунара Мамытова 11-октябрда өзүнүн жазган арызынын негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан кеткен. Ал эми Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышканын аныктаган. Анын ичинде министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM