Биз менен байланышыңыз

Социалдык өнүктүрүү министрлигине миңден ашык жаран арызданган

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 751 | 0

Социалдык өнүктүрүү министрлигине жыл башынан бери жарандардан 1135 арыз келип түшкөн. Анын ичинде:

-мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча 335 арыз;

-жеңилдик берүү боюнча 174;

-материалдык, гуманитардык жардам боюнча 129;

-майыптыкты аныктоо боюнча 49;

-үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүү боюнча 109;

-ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 67 арыз;

-укуктук маселелер боюнча 14;

-коррупция боюнча 45;

Арыздардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан, Чүй облусунан жана калган облустардан түшкөн.

Мындан тышкары, 87 жаран жеке кабыл алынган, коомдук кабылдама аркылуу 800 жаран кабыл алынган. 420 суроо оң жагына чечилип, калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM