Биз менен байланышыңыз

16-октябрда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 619 | 0

16-октябрда өлкөдө маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат.

Тоолуу аймактардагы жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жердерде 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +2…+7;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +11…+13.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM