Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун чыгармалачылыгына арналып ЖМКлар арасында сынак жарыяланды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 715 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган республикалык сынак 1- ноябрда  аяктайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакта жаштар арасында “Эң мыкты эссе” жана “Эң мыкты поэзия”, массалык маалымат каражаттар арасында “Эң мыкты сюжет” жана  “Эң мыкты макала” номинациялары боюнча конкурс жарыяланган.

Сынактын максаты, Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүүдө адамкерчилик, ыймандуулук, маданиятуулук, мекенчилдик сапаттарды калыптандыруу болуп эсептелет.

Сынактын талаптары:

Эссе — 4 барактан ашпаган, Times New Roman (Times New Roman Cyr) гарнитурасынын ариби, өлчөмү 14, А4 форматында, мурда эч жерде  жарыяланбаган;

Поэзия —  4 куплеттен – 10 куплетке чейин, мурда эч жерде  жарыяланбаган;

Сюжет —  5 – 8 мүнөттөн ашпаган, 2018- жылдын май  айынан 31 – октябрына чейин эфирде берилген сюжеттер;

Макала – 1 беттен ашпаган, 2018- жылдын май  айынан 31 – октябрына чейин мезгилдүү басма сөз каражаттарында жарык көргөн макалалар;

Эссе, поэзия —   кагаз түрүндө, папкага салынып, сыртына сынакка катышуучунун аты-жөнү (паспорт боюнча), дареги, электрондук дареги  жана уюлдук телефону көрсөтүлүп, “Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жаштар арасында жарыяланган республикалык сынакка” — деп жөнөтүлүүгө тийиш.

Телесюжет DVD  дискке көчүрүлүп, эфирге берилген күнү тастыкталган, ММКнын мөөрү басылып, папкага салынып, сыртына сынакка катышуучунун аты-жөнү (паспорт боюнча), дареги, электрондук дареги  жана уюлдук телефону көрсөтүлүп,                “Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ММКлар  арасында жарыяланган республикалык сынакка” — деп жөнөтүлүүгө тийиш.

Сынакка катышуучулар үчүн талаптар

“Эң мыкты эссе” жана “Эң мыкты поэзия” номинациялары үчүн Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашка чейинки бардык  жарандар катыша алат;

“Эң мыкты сюжет” жана “Эң мыкты макала” номанациялары үчүн Кыргыз Республикасындагы бардык телекөрсөтүүлөрүндө жана мезгилдүү басма сөз каражаттарында эмгектенген 28 жашка чейинки журналистер катыша  алат.

Байге фонду:

-Биринчи орун үчүн – 80 000 сом. х  4 орун;

-Экинчи  орун үчүн – 50 000 сом. х 4 орун;

-Үчүнчү орун үчүн —  40 000 сом х 4 орун;

-Кызыктыруучу сыйлык  — 10 000 х 12 орун.

Жеңүүчүлөр үчүн талаптар:

Жеңүүчү табылган ар бир жаран байге фондунан каралган акча каражатты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталган  банктардан  эсеп (расчетный счет) ачуусу милдетүү.

Эмгектерди  кабыл алуу:

“Эң мыкты сюжет” жана “Эң мыкты макала” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде  2018-жылдын 1- ноябрына саат 18:00гө чейин, Бишкек шаары, А. Пушкин  көч. 78 дарегинде кабыл алынат.

“Эң мыкты эссе” жана “Эң мыкты поэзия” номианциялары боюнча документтер Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде 2018-жылдын 1- ноябрына саат 18:00гө чейин, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч.17 дарегинде кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM