Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Исаковдун жубайынын үйүн тинтүү туура эмес

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 822 | 0

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун туугандарынын үйүн тинтүү боюнча соттун чечиминин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанышты. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекованын ата-энесинин үйүнө тинтүү жасоого санкция берген.

УКМК Сапар Исаковдун мүлкүн конфискациялабай тургандыгын билдиргенине карабастан, эмне үчүн сот анын мүлкүн карап чыгууга санкция берет?- дейт Токтакунов.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM