Биз менен байланышыңыз

Бажычылар өлкөгө тыюу салынган химиялык затты киргизүүгө айыпталууда

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 650 | 0

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө химиялык заттардын киришин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2017-жылы “Ч.П.”  жана “С.Э.К.” ЖЧКларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде “Торугарт” пункту аркылуу Кыргызстанга Кытайдан транзиттик декларация түзүлүп, көмүртектин тетрахлориди менен жүк ташуучу унаа кирген.

Аталган химиялык заттын ЕАЭБ мамлеттеринин аймагына киришине тыюу салынган. Бирок ага карабастан товар “Бизнес-Транс-Сервис” каттоо жеринде “шарттуу чыгаруу” деп белгиленип, кийинки жолкусунда көмүртектин тетрахлоридин алып кирүү боюнча уруксат кагазын көрсөтүү шарты менен деп өткөрүлүп жиберилген.

Бул иш боюнча “Торугарт” бажы пунктунун, “Бизнес-Транс-Сервис” каттоо жайынын, Борбордук бажынын (азыркы түндүк-чыгыш бажы) кызматкерлерине Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 304-316 беренелери менен иши козгоду.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM