Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда “Жашыл экономика” жумалыгы башталды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 696 | 0

Кыргызстанда 15-20-октябрь күндөрү “Жашыл экономика” жумалыгы жарыяланды. Анын алкагында жашыл экономикага арналган форум өтөт.

Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Бир жума ичинде жашыл экономикага өтүү боюнча жаңы демилгелер жана негизги багыттар боюнча маалымдоо, сунуштарды иштеп чыгуу, жеке сектордогу “жашыл” технологиялардын калың катмарынын потенциалын жогорулатуу, катышуучуларды башка өлкөлөрдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык практикасы менен тааныштыруу сыяктуу маселелерди чечүүгө багытталган иш-чаралар өтөт.

Андан сырткары жеке секторду туруктуу өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана инструменттерди талкуулоо, “жашыл” чаралар, саясаттар технологиялар, ресурстар жана башка чечимдер боюнча маалыматтык жана билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү болот.

Жашыл экономика өнүккөн өлкөлөрдө практика жүзүндө ишке ашкан. Азыркы кезде Батыш Европа жашыл экономикага өтүп, жаратылышын сактоого алгылыктуу иш-аракеттерди көрүп жатат. Жашыл экономика — бир эле мамлекеттин эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү экенин эксперттер айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM