Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы соттолгон өспүрүмдөрдүн абалынан кабар алды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 517 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Вознесеновка айылындагы мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №14 мекемесиндеги тергөө изоляторунда жаткан жана соттолгон жашы жете элек балдардын ошондой эле аялдардын жашоо-шарттары таанышты.

Анда бүгүнкү күндө соттолгон 15 өспүрүм, убактылуу кармоочу жайда 12 жашы жете элек эркек балдар жана 6 аял бар.

Алардын ар бири менен жекече маектешүү өтүп, медициналык кароого, жашоо-шартына, кызматкерлердин мамилесине карата сурамжылоо жүрдү.

Тергөө изоляторунда жаткан жаш балдар жана аялдарды сурамжылоо учурунда адвокатка каражаттын жоктугу жана сот процесси узакка созулганы (улам жылдырылып) көйгөйдү огобетер оорлотуп жатканы айтылды.

Соттолгон балдар материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн каражаттын жоктугунан шарттуу түрдө үй камагына чыгууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатканын айтышкан. Мисалы, бир тарбиялануучуга 60 миң сом топтош керек болсо, бирөө 90 0миң сом төлөй албай жүргөнү маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM