Биз менен байланышыңыз

180 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 582 | 0

Өткөн жума ичинде жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 18 миңге жакын эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинде, 400 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен. 180 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалган, 2 миңге жакын айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3350 айдоочуга айып пул салынган.

Ошондой эле, коопсуздук курун тагынбай унаа башкарган 4 миң айдоочуга айып пул салынган. Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа үчүн 73 айдоочуга чара көрүлгөн, 3 мин айдоочуга уюлдук телефон колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM