Биз менен байланышыңыз

Жолдошева: Дарактар илимий кызматкерлер айткан ыкма менен дарыланат

Пикирлер | 12 Окт 2018 | 696 | 0

Бишкек шаарындагы дарактар илиммий кызматкерлер айткан ыкма менен гана дарыланат. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Эльнура Жолдошева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эмен дарагынын оорусун кадимки ыкма менен дарылоо таасир бербей жатат.

«Адистер айткан ыкма менен дарылоого даярбыз. Мындай дарактар  100 жылдан ашык жашайт. Мындан сырткары, ар бир шаардын өзүнө тиешелүү климаттык шарты бар. Ошондуктан бизде дарактарды топурагы менен көчүрүүлөр аз болот. Себеби жерлер таштак болгондуктан техника иштебей калууда», — дейт Жолдошева.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын балансындагы бактар инвентаризацияланып, тең жарымы кароодон өткөн.  Эми атайын план түзүлүп, санитардык бутоолор болот.

«Сырткы келбети жакшы, бирок зыянкечтерге, илдеттерге чалдыгып, ичи кургап калган дарактар болот. Мындай дарактар кар түшкөндө өзүн көтөрө албай сынып кетет. Аны жарандар көп байкай беришпейт. Мындан улам шаар тургундары «жашылдандыруу чарбасы кыйганды гана билет» дешет. Этаб этабы менен алмаштырабыз. Аны тургундар түшүнүп койсо жакшы болмок», — дейт Жолдошева.

Ал кошумчалагандай, жарандар куураган дарактарды өз алдынча кыя албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM