Биз менен байланышыңыз

Лунара Мамытова кызматтан кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1006 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан кетти. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай маалыматты Өкмөттөн билдиришти.

Эске салсак, Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышканын аныктаган. Анын ичинде министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыккан.

Чет жакка сапарга чыккан соң жогоруда аты аталган жетекчилер Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес, ал эми Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM