Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Коюлган милдеттерди аткарууга жана жооп берүүгө даярбыз

Пикирлер | 11 Окт 2018 | 645 | 0

Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча жободогу механизмдерди өзгөртүү зарыл. Себеби алар азыр иштебейт. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган резервге алынган кызматкерлер саясий кызматтарга да барышы керек. Бул жагынан Улуттук кадрлар резерви элита болушу зарыл.

«Бирок бул резервге киргендер дагы конкурска катышууда. Аларды дайындоодо маселелер болуп жатат. Кайсы кызмат болсо да жумуш орундарына кадр даярдоо системалуу болушу керек. Кызматкерлерди даярап окутуу үчүн чет өлкөдөн адистерди алып келүүнүн кажети жок. Өзүбүздүн адистер бар. Алсак, шайлоону электрондук түрдө өткөрүүгө жетиштик. Бизде да жөнөкөй кызмат орундарына конкурстар онлайн өтүп жатат. Коркурстарда адамдык факторду кыскартуу боюнча өкмөткө сунуш бердик», — дейт Мадумаров.

Ал буга кошумча, Мамлекеттик кадр кызматындагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды тийиштүү адистер менен бирге карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

«Кемчиликтер да болуп жатат. Бизге коюлган милдеттерди аткарууга жана бул боюнча жооп берүүгө даярбыз. Жарандык коом ачык болуп жатканы кубантат. Алардын көзөмөлүнүн арты менен мамлекеттик кызматкерлер өзгөрүп жатат. Жарандык коом активдүү болсо жогорку кызматка дасыккан кызматкерлер келет», — дейт төрага.

Маалыматка ылайык, былтыр Улуттук кадрлар резервине административдик кызмат орундарына 700гө жакын адам арыз тапшырса, алардын 35и кызматка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM