Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Кадрларды тандоо туура эмес болуп жатат

Пикирлер | 11 Окт 2018 | 1948 | 0

Кадр саясатында таңкыстык жок. Болгону кадрларды тандоо туура эмес болуп жатат. Мындай пикирин “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө кадр тандоодо аксап келет. Анткени татыктуу кадрлар тандоого катыша албайт же болбосо бийлик менен көз карашы дал келбей калат.

«Кызматка келүү үчүн кайсы бир партияга мүчө же партия лидери менен жакшы мамиледе болушуң керек. Мамлекеттик кадр кызматы формалдуу түрдө гана иштеп калды. Парламенттеги депутаттар бул кызматты иштетпей жатат. Кызматкерлерди дайындагандарда жоопкерчилик жок. Мисалы, Социалдык өнүктүрүү минисрти боюнча өкмөт башчы же Жогорку Кеңеш же болбосо Мамлекеттик кадр кызматы үн каттыбы? Жок. Министрлер өз кызматкерлерине жооп бербейт. «Эмне кыла аласың» деп арыз жазып, жумуштан кетип жатса эмнеге чара көрүлбөйт?«, — дейт Молдокматов.

Молдокматов учурда мамлекетти 1950-60-жылдары бийликте тургандардын балдары, неберелери башкарып жатканын белгилеп, анын баары акчанын күчү менен болуп жатканын сынга алды.

«Бюджетте таңкыстык болуп жатканына карабай мамлекеттик кызматкерлер 698 млн сомдук каражатка чет өлкөгө чыгышкан. Эмне үчүн кадр кызмат бул боюнча президентке сунуш бербейт? Ошондуктан кадрларды окутууну бир органга бериш керек. Болбосо Билим берүү министрлиги кадрларын окутууга 44 млн сом каражат жумшаган. Бул мекемени да Социалык өнүктүрүү министрлигиндей тереңдетип изилдесек көп чуу чыгышы мүмкүн», — дейт саясатчы.

Молдокматов өнүгүүнү билбей, айлык акысын күтүп отурган аткаминерлер көп экенин айтып, иштегиси келбеген адамдарды кызматтан алып, ордуна жаңыларын коюу керектигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM