Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжадагы көпүрөнүн курулушуна ишкер 9 миллион сом берди

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 570 | 0

Кара-Кулжадагы көпүрөнүн курулушуна жеке ишкер 9 млн.сом берди. Бул тууралуу Чалма айыл  өкмөтүнүн жетекчиси Чолпонкул Алишов кабарлады.

Анын айтымында, жергиликтүү жеке ишкер туугандары менен биргеликте Токбай-Талаа айылындагы көпүрөнүн курулушуна каражат бөлүп берүүнү чечишкен.

Аталган көпүрө жайлоо менен кыштоону бириктирип, айыл тургундарына жана мал чарбачылыгы менен алектенгендерге шарт түзөт. Курулуштун демилгечилери бул аракети менен быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жылында” өз айылдарына салым кошууну көздөшкөнүн айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM