Биз менен байланышыңыз

Качкынбай: Кызматка стратегиялык ой жүгүртө алгандар келиши керек

Пикирлер | 11 Окт 2018 | 699 | 0

Мамлекеттик кадр кызматы бийликке сунуш бере турган орган болуп калды. Мындай пикирин коомдук ишмер Сейтек Качкынбай “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматтын структурасын кайра карап чыгып, милдеттерин так аныктап, мекемеге жаңы адистерди алып келүү зарыл.

«Сынактарды өткөрүүдө өнүккөн өлкөлөрдөн 10 адисти алып келиш керек. Алар атуулдук коом, бизнес, академиялык чөйрөдөн  жана башка тармактардын адистери болот. Алар саясатка кийлигишпей иштин механизмдерин үйрөтөт», — дейт Сейтек Качкынбай.

Ал буга кошумча, чет өлкөдөн билим алып келген кадрлар убал болуп жатканын белгиледи.

«Мындай окуялар көп, болгону биз айтпай жашырып турабыз. Эми президент эрктүүлүгүн көрсөтүп, системалуу иш жүргүзөт деп отурабыз. Кызматка тактикалык гана эмес стратегиялык ой жүгүртө алган адамдарды алып келиш керек. Алсак, жапондор мамлекеттик унааны жеке кызыкчылыгына пайдаланышпайт. Биздикилер чет өлкөгө чыкканда миллион долларлык семнарларга катышпай аялынын же бөлөсүнүн иши менен жүрөт. Мындай күлкүлүү иштерге көп күбө болдум», — дейт Сейтек Качкынбай.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM