Биз менен байланышыңыз

Акматов: Органикалык продукция маалыматтын жоктугунан сатылбайт

Күн чекит | 10 Окт 2018 | 1554 | 0

Кыргызстандагы органикалык өсүмдүктөрдүн түшүмүн көбөйтүү керек. Анткени дүйнөдө органикалык продукция өтө жогору бааланат жана баасы он эсеге чейин кымбат сатылат. Мындан улам Инвестицияны өнүктүрүү жана коргоо агенттиги программа иштеп чыкты. Бүгүн, 10-октябрда программа чет өлкөдөн келген компанияларга тааныштырылды.

Кыргызстандын органикалык продукцияны өндүрүү жана аны экспортко чыгаруу потенциалы тууралуу биз ЖИА Бизнес ассоциациясынын агро комитетинин төрагасы Урмат Акматов менен «Күн чекит» программасында маектештик.

-Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды органикалык деп атоого болобу?

Азыркы учурда Кыргызстанда экологиялык жактан таза продукция болгону менен биз аны органикалык деп айта албайбыз. Анткени андай сертификат бизде жок. Бирок көп өлкөлөргө караганда биздин өлкөдө продукция алда канча таза. Ошондуктан органикага жакын десек туура болот.

-Өкмөт сунуштап жаткан программа менен экологиялык жактан таза деп саналган тармакты көтөрүп кете алабызбы? Сиз кандай келечекти көрүп турасыз? 

Бул программа стратегиялык жактан абдан туура деп эсептейм. Бүгүн дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын келиши дагы биз үчүн ийгилик. Эми андар ары  бул стратегияны ишке ашырууда талыкпай иштөө керек. Сөз жүзүндө гана  калбашы керек. Кыргызстандын мөмө-жемиштери дүйнөдө органикалык деп таанылышы керек.  Бул ойду ЖИА Бизнес ассоциациясы көп жылдан бери көтөрүп келген.

Чет өлкөдөн келген компаниялар Кыргызстанга кандай негизги сунуштарын берип жатат?

Бишкекке келген компаниялар башка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырган долбоорлору тууралуу айтып берип жатышат. Эми анын баары бир ойго топтолушу керек. Ал үчүн белгилүү жол картасы жана иштөө программасы түзүлүүгө тийиш. Ошондо гана белгилүү бир жыйынтыка келе алабыз. Анткени бүгүн органикалык продукцияны сатууга базар дагы, талап дагы бар.   

-Буга биздин дыйкандар даярбы? Анткени кайсы гана компания келбесин өз продукцияларын сатып калууга далалат кылат эмеспи.

-Ооба, ар бир компания өз продукциясын мактайт. Дүйнөгө белгилүү болгон фирмалар бар. Бирок биз аларды өз пайдабызга колдонуп калышыбыз керек. Кандай негизде десеңиз. Биринчи эле алардагы сапатты, технологияны жана базарды алуубуз шарт. Анткени Кыргызстанда экологиялык жактан таза продукция дагы даңазаланып сатылбай жатат. Бизде маалымат өтө аз. Болбогон эки кагаздын айынан органикалык продукция текейге гана кетип жатат. Ошондуктан бул багытта максималдуу түрдө иш алып барышыбыз керек.   

-Маегиңизге рахмат!

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM