Биз менен байланышыңыз

Психикалык саламаттык боюнча абал сүрөттөр менен көрсөтүлдү

Ден соолук | 10 Окт 2018 | 1735 | 0

Психикалык саламаттыкты сактоо күнүнө карата бул тармактагы реформалардын жыйынтыгын көрсөткөн сүрөт көргөзмөсү өттү. Ага белгилүү сүрөтчү Шайлообек Жекшенбаевдин эмгектери коюлду. “Үйгө карай жол” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүндө психикалык саламаттыкты жакшыртуу максатында жүрүп жаткан пилоттук программалардын жыйынтыктары чагылдырылган. 

Сүрөтчү Шайлообек Жекшенбаев бул ирет башкача өңүттөгү, тагыраагы психикалык ооруга дуушар болгон бейтаптарга байланыштуу сүрөттөрдү тартты. Башында бул сыяктуу сүрөттөрдү тартууну тажрыйба катары кабыл алса, бейтаптар менен жакындан таанышкан соң, аларга болгон көз карашы өзгөрүп, сүрөттөр аркылуу алардын абалын коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүнү көздөгөн.

-Ачыгын айтканда, мен башында бул сүрөттөрдү тартканда өзүмө тажрыйба алуу, альбомду толуктоо үчүн деп кабыл алдым эле. Бирок ал бейтаптар менен жакындан таанышкан соң, оюм өзгөрдү. Аларды тартканы барганда башкача сезим менен барат элем. Алардын абалын сүрөт менен коомчулукка жеткирүүнү милдетим катары билет элем. 

Көргөзмөнү уюштуруучу тарап “Психикалык ден соолук жана коом” коомдук бирикменин башчысы Жакшылык Жыргалбековдун айтымында, сүрөттөрдү тартып, жалпыга жарыялоо психикалык саламаттыгы начар болгон бейтаптарга болгон кодулоону жоюп, аларга карата жардамдардын жыйынтыгын көрсөтүү болуп саналат.

Биздин максат, сүрөт аркылуу бул багытта жүрүп жаткан реформалардын жыйынтыгын көрсөтүү болуп саналат. Пилоттук программалардын жүрүшүн коомчулукка жеткирүү, ал адамдарга болгон коомдун көз карашын өзгөртүүнү көздөгөнбүз.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, жашоо шарты, социалдык абал, ар кандай турмуштук жагдайларга байланыштуу ушул дартка чалдыккандардын саны өсүүдө. Психикалык ден соолук республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаиловдун айтымында, расмий маалыматтар боюнча азыркы күндө психикалык саламаттыгы начар болгон 73 миңден ашык киши катталган. Анын 22 миңдейи көңүл чөгүү, депрессия сыяктуу жеңил формасына кабылгандар.

Биринчиден, калк жыш жашай баштагандыгы, технологиянын татаалдашып жаткандыгы, миграция себеп болуп жатат. Айрыкча, акыркы кезде массалык маалымат каражаттарында рейтинг үчүн берип жаткан негативдүү кабарлар да ушул дартка жол ачып жатат.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө психикалык жактан жабыркаган бейтаптарга карата кодулоо мамилеси жоюла элек. Эң биринчи жардам аларды коомго кошуу аркылуу, үй-бүлө чөйрөсүндө жардам берүү менен мурдагы абалына келтирүүгө болот дешет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM