Биз менен байланышыңыз

Месси өзгөчө жесттерин кимге арнарын айтты

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2018 | 1134 | 0

“Барселонанын” жылдыз оюнчусу Леонель Месси акыркы кездерде кызыктуу жесттер менен коштолгон голдорун балдарына арноодо. Бул тууралуу Eurosport  басылмасы бир нече булакка таянып жазган.

Футболчунун киргизген голдорун өзгөчө жесттер менен белгилегени коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ал гол киргизген соң камераларга чуркап келип, алакандары менен өзүнүн башына үч-төрт жолу акырын чаап, алаканын өөп, аны башкаларга жолдогон сыяктуу колун жаңсап коюп жатат. Бул анын акыркы Валенсия жана Тоттенхем клубдары менен болгон беттештеринен кийин кызуу талкууга алынган.

Атактуу футболчудан бул жесттерди кимге жолдоп жатканын сурашканда, футболду өзгөчө кызыгуу менен көргөн 6 жашар уулу Тьягого, ортончусу Матео жана жакында 7 айга толчу кызы Чирого арнаарын билдирген.

Эскерте кетсек, ушундай эле кызыктуу “билдирүүсүн” Месси 2015-жылы “Атлетико” менен болгон беттештин 60-мүнөтүндө оюнга кирип, чечүүчү голду киргизгенде баш бармагын оозуна салып көрсөткөн. Ошол күнү анын ортоңку уулу Матео төрөлгөн учүн, ага арнаганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM